Пакистанда, Ооганстанда абалды ЖККУ, ШКУ, КМШ талкуулашы керек деп билдирди президент Курманбек Бакиев кечээ Нарынга иш сапарынын маалында. Президенттин пикиринде аталган өлкөлөрдө талиптер менен каршылашуу күчөп кетсе алардын илеби Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстанга чейин келет. Бакиев, бирок, АКШ базасын чыгаруу чечимин Кыргызстан өзгөртөөр-өзгөртпөсү тууралуу ачыктаган жок. “АКШ база үчүн Кыргызстанды жети, сегиз жыл пайдаланды. Бирок Ооганстанда абал өзгөргөн жок” деди. Ошол эле мезгилде Бакиев Ооган президенти Хамид Карзайдан жолугушууну сураган кат алганын тастыктады.
Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айбек Молдогазиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда эки президент ШКУнун Екатеринбург саммитинин алкагында, июндун ортосунда жолугушат.(BuS)