АКШнын президенти Барак Обама 787 миллиард долларга бааланган экономикалык планы кийинки жүз күндө 600 миң жумуш орундарын сактап калууга мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты. “Биз экономиканы калыбына келтирүүдө узак жолду өтүшүбүз керек, бирок биз туура жолдо баратабыз”, деди Барак Обама. Ушул жылдын башынан бери АКШда 1 жарым миллион киши ишсиз калды.