Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:53

АКШ президенти менен Израилдин премьер-министри сүйлөштү

АКШнын президенти Барак Обама телефон аркылуу Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху менен сүйлөштү. Кабарларга ылайык, Нетаняху сүйлөшүү маалында тынчтык жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Израил өкмөтүнүн саясатын ачыктаган. Ал аралыкта АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Жорж Митчелл Израил менен Палестинанын сүйлөшүүлөрү үчүн шарт түзүү тууралуу президент Обамадан тапшырма алганын билдирди. Бүгүн Митчелл Иерусалимде Нетаняху менен, эртең Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен сүйлөшөрү күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG