Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Жайкын тургундардын өлүмү тууралуу доклад Пентагонго тапшырылды


Ооганстанда жайкын тургундардын өлүмүнө алып келген абадан соккулардын чоо-жайын иликтөөдө “айрым суроолор” пайда болгонун АКШнын Коргоо министрлиги кабарлады. 4-майда Ооганстандын батышындагы Фарах вилайетинде аба соккусунан 140 жайкын тургун набыт болгон. Буга байланыштуу АКШнын Борбордук командачылыгынын буйругу менен жүргүзүлгөн атайын иликтөөнүн жыйынтыктары Пентагондун башчысы Роберт Гейтске кечээ тапшырылды. Докладда “пайда болгон айрым суроолор тактикалык жана техникалык маселеге байланыштуу” деп айтылганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG