Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, 7-июнь күнү аккан сел райондун бир катар айылдарына зыян келтирди. Долоно айылында сел он чакты жолду жууп, 1 бодо мал менен 85 майда жандыкты агызып кеткен. Мындан тышкары эгин эгилген 125 гектар жерди баткак каптап калды. Айылдагы 247 турак-жайдын үчөө жашоого жараксыз болуп калды, дагы алты үй адистердин байкоосунда турат. Ушул тапта селдин апкелген зыянын аныктоо иштери улантылууда, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюунун үстүндө чукул кырдаалдар министрлигинин 12 куткаруучусу жергиликтүү тургундар менен кошо иштеп жатышат.(ZKo)