Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Казакстанда ок-дары кампасындагы жарылуудан бир адам каза тапты


Алматы облусунун Илий районунун аймагында жайгашкан ок-дары кампасындагы өрт менен жарылуулар кечээ кечке жуук башталган жана бүгүн таңга маалга чейин созулду. 1989-жылы курулган, Cовет доорунан калган ок-дарылар сакталган кампада өрттүн тутанышына эмне себеп болгону белгисиз. Андан кеминде бир адам каза тапканы ырасталды. Ал жоокер экени кабарланууда. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинин билдиргенине караганда, өрт чыккан аймактан түнү ичи 40тан ашуун үй-бүлө жана жүздөн ашуун жоокер эвакуацияланган.

XS
SM
MD
LG