Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Жорж Митчеллдин сапары Израиль менен палестиналыктар ортосунда токтоп калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу максатын көздөйт. Ал бүгүн кечке жуук жөөт премьер-министр Биньяминь Нетаньяху менен жолуккан соң палестин лидери Махмуд Аббас менен сүйлөшүү үчүн Иордандын Батыш жээгине барат.
АКШ президенти Барак Обама өткөн аптада Каирден мусулман дүйнөсүнө кайрылган сөзүндө Израилден Иордандын Батыш жээгинде жөөт конуштарынын курулушун токтотууну жана палестиндердин өз мамлекетке ээ болуу укугун таанууну талап кылган. Израилдин азыркы премьер-министри Нетаьяху жөөт конуштарынын курулушун токтотуудан баш тартуу менен жөөт – палестин чатагын эки мамлекет жолу менен чечүүгө макул экенин эл алдында ачык айтпай келүүдө.
Жөөт өкмөт башчысынын кеңсеси бүгүн маалымдагандай, Нетаньяху кечээ АКШ президенти Барак Обама менен телефон сүйлөшүүсүндө келерки аптада өз саясаты боюнча билдирүү жасаарын айткан.