Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурумунда азыркы мамлекет башчы Курманбек Бакиевди президенттикке талапкер катары каттады. БШКнын өкүлү Токтогул Султакеев К. Бакиев каттоо үчүн бардык документтерди тапшырганын билдирди. Бийликтеги “Ак жол” партиясы көрсөткөн бул талапкер 1, 5 миллиондой кол топтогонун кошумчалады. Бул тууралуу БШК кабарлады. Кыргызстанда президенттик шайлоо 23-июлда өтөт. Азыр БШК дагы алты талапкердин документтерин текшерип жатат. (EBM)