Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасына аң каза баштады


Өзбекстан Кыргызстандын Сузак, Аксы, Ноокат райондору менен чектешкен чек арасына тереңдиги жана кеңдиги 3 метр болгон аң каза баштагандыгын КР чегара кызматы тастыктады. Өзбек тарап бул аракети тууралуу Кыргызстанды кабардар кылган эмес. Эки өлкө ортосунда чек ара делимитация жана демаркация болгонго чейин эч кандай аракеттерди жүргүзбөө тууралуу келишим турат, ошондуктан, расмий Ташкент бул келишимди бузуп жатат, деп айтууга аргасызбыз, деп айтылат КР чегара кызматынын штабы тараткан маалыматта. (ZKo)

XS
SM
MD
LG