АКШнын мына ушундай туруму менен Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Жорж Митчелл бүгүн Израилдин жетекчилигин кабардар кылган. Анын сапары эки ортодо токтоп калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу максатын көздөйт. Ал бүгүн жөөт жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөргөн соң палестин лидери Махмуд Аббас менен жолугуу үчүн эртең Иордандын Батыш жээгине барат.
Вашингтондун Иордандын Батыш жээгинде жөөт конуштарынын курулуш токтотуу, палестиндердин өз мамлекетине ээ болуу укугун таануу жөнүндөгү талаптары боюнча акыркы кездери АКШ менен Израилдин ортосунда чыңалуу пайда болду.
АКШ президенти Барак Обама өткөн аптада Каирден мусулман дүйнөсүнө кайрылган сөзүндө Израиль менен АКШнын мамилеси бекем экенин дагы бир ирээт ырастап, бирок палестиндердин мүдөөсүнө колдоо көргөбөй койо албасын эскерткен.
Израилдин азыркы премьер- министри Биньяминь Нетаьяху жөөт – палестин чатагын эки мамлекет жолу менен чечүүгө макул экенин коомчулук алдында ачык айтпай келүүдө.
Жөөт өкмөт башчысынын кеңсеси бүгүн кабарлагандай, Нетаньяху кечээ АКШ президенти Барак Обама менен телефон сүйлөшүүсүндө жакын арада өз саясаты боюнча саясий билдирүү жасаарын маалымдаган.