Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Укук коргоочулар президентти өлкөдө мыйзамдуулукту орнотууга чакырды


Мындай мазмундагы кайрылууну укук коргоочу алты уюм президент Курманбек Бакиевге жана Эл аралык уюмдарга жолдоду. Өз кабатырлануусун укук коргоочулар 30-31-майда Ысык-Көлдө оппозициялык күчтөрдүн иш-аракеттерине жасалган тоскоолдуктар менен байланыштырган. Анда жергиликтүү бийлик мыйзамга каршы аракеттерди жасаганы айтылат. Алардын баамында Ысык-Көлдө Кыргызстандын Конституция баштаган башкы мыйзамдары, Кыргызстан кол койгон Эл аралык башкы мыйзамдар бузулган. Муну президенттик шайлоо алдында жарандардын тынчтыгына, коопсуздугуна жана стабилдүүлүккө коркунуч келтире турган кооптуу көрүнүш деп баалаган. Окуяны натыйжалуу иликтөөгө таасир көрсөтө албаса бийлик мамлекетти мыйзамдуу башкарууга жөндөмсүз катары кароого туура келет деп айтылат кайрылууда. Майдын этегинде элдик курултай өткөрүү максатын көздөп барган оппозиция лидерлери кысмакка алынып, күч менен облус аймагынан чыгарылгандыгы, буга жергиликтүү бийлик жетекчилери өздөрү шыкакчы болуп, натыйжада бир катар лидерлер запкы көргөндүгү, жоон топ адамдар негизсиз камакка алынгандыгы мурда кабарланган. (BuS)

XS
SM
MD
LG