1949-жылы 1-августта Жалалабат облусунун Сузак районундагы Масадан айылында туулган.
1978-жылы Куйбышев политехникалык институтун ЭЭМ адистиги боюнча аяктаган.
ЭМГЕК ЖОЛУ:
1970 — 1971-жж. — Масленников атындагы заводдун II разряддагы дозатору, Куйбышев ш.
1972 — 1974-жж. — Куйбышев шаарындагы балык комбинатынын жүк ташуучусу.
1974 — 1976-жж. — Советтик Армиянын катарында аскердик кызматын өтөгөн.
1976 — 1977-жж. — Масленников атындагы заводдун III разряддагы автоматчиги, Куйбышев ш.
1977 — 1979-жж. — Масленников атындагы заводдун маалыматтык-эсептөө борборунун V разряддагы электромеханиги, инженер-электриги, Куйбышев ш.
1979 — 1983-жж. — «ШР» штепселдик разьемдор заводунун маалыматтык-эсептөө борборунун улук инженери — математиги, начальниги, Жалалабат ш.
1985 — 1990-жж. — СССРдин электрондук өнөржай министрлигинин «Профиль» заводунун директору, Көкжаңгак ш.
1990 — 1991-жж. — КПСС Көкжаңгак шаардык комитетинин биринчи катчысы, Көкжаңгак шаарынын эл депутаттар Кеңешинин төрагасы.
1991 — 1992-жж. — Жалалабат облустук эл депутаттар кеңешинин төрагасынын орунбасары.
1992 — 1994-жж. — Жалалабат облусунун Тогузторо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
1994 — 1995-жж. — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасынын орунбасары, Жалалабат облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орунбасары.
1995 — 1997-жж. — Жалалабат облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — губернатору.
1997 — 2000-жж. — Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — губернатору.
2000-жылдын декабры — 2002-жылдын майы — Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.
2002-жылдын октябры — 2005-жылдын марты — № 15 Алабука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты.
2003-жылдын февралында «Кыргызстандын региондору» центристтик депутаттык тобунун курамына кирген.
2004-жылдан тартып — «Кыргызстан элдик кыймылы» саясый күчтөрдүн бирикмесинин Борбордук кеңешинин төрагасы.
2005-жылдын марты — Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.
2005-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев 88,65 % добуш алган.
2005-жылдын 14-августунда Курманбек Бакиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришүү аземи болгон.
Кыргыз, орус жана өзбек тилдерин билет.
Үйбүлөлүү. Жубайы — Татьяна Васильевна Бакиева. Бакиевдердин эки уулу бар: Марат жана Максим.
Азыркы учурда улуу баласы Марат Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын башкармасынын начальнигинин орунбасары болуп иштейт. Кичүү баласы Максим — бизнесмен.