Орусия, Беларус жана Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна Бирдиктүү бажы биримдиги катары мүчөлүккө өтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты. Москвада Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин Беларус жана Казакстандын премьер-министрлери менен жолугушту. Буга чейин формалдуу түрдө Орусия жана Беларус бажы биримдигин түзүшкөн, эми Казакстан да ушул биримдикке өтүү каалоосун билдирди.