Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Президент “Билимди өнүктүрүүнүн улуттук долбоорун" иштеп чыгууну тапшырды


Мамлекет башчы өлкөдө Билим берүү тармагын реформалоо боюнча “Билимди өнктүктүрүүнүн улуттук долбоорун" иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүп, сентябрь айынын соңунда өкмөткө жана президентке долбоорду тапшырууну Билим берүү жана илим министрлиги менен президенттин катчылыгына тапшырды. Ал ошондой эле Орусиянын "Билимди өнктүктүрүүнүн улуттук долбоорунун" программасы натыйжалуу ишке ашып жатканын белгиледи. Анын айтымында, билим берүүнү өнүктүрүүгө жалпы министрликтер, коомчулук, бизнес чөйрөсү жарандык коомдор жана ата-энелерди дагы тартуу керек. “ Билим берүү реформасын кечеңдетүүнүн арты тез өзгөрүп жаткан шартта мамлекет менен коомдун абалына жана келечегине кескин кесепеттерин алып келет”,-деди Бакиев. (AJ)

XS
SM
MD
LG