Бул тууралуу бүгүн президент Курманбек Бакиев министрлик, ведмостволордун өкүлдөрүнө “Билим берүүнүн концепциясынын” бет ачарында белгиледи. Президент билим берүү реформасын жүргүзүүдө эмнелерди жасабоо керектигин так аныктап, бул тармактын негизги багыттары боюнча милдеттерди койду. Мектеп кылмыштуу дүйнөнүн таасиринде калып жатканына мамлекет башчысы бөтөнчө көңүл бурду. “Али кеч боло электе бул коркунучтун жолуна бөгөт коюу керек”, - деп кайрылды Курманбек Бакиев. (AJ)