Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:26

Сот полковник А.Алиевди өлтүргөндөргө чечим чыгарды


9-июнда Свердлов райондук сотунун судьясы Жакыпбек Толоев Маң заттарына каршы күрөшүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары Анвар Алиевдин өлүмүнө байланыштуу иш боюнча өкүмүн угузду. Бул иш боюнча айыпталып жаткан Алмазбек Эргешбаев өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилди. Ал эми Моңол Тажибаев, Кахраман Исмаилов жана Шавкатбек Жунусов болсо ар бири 25 жылга эркинен ажыратылды. Алардын жактоочусу соттун чечимине макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияларга кайрыларын билдирди. Милициянын полковниги Анвар Алиевди 2008-жылы 4-августан 5-августка караган түнү үйүнүн жанынан атып өлтүрүшкөн. Бул тууралуу Свердлов районунун катчылыганан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG