Бул маселе бүгүн өлкө башчысынын ишкерлер менен болгон жолугушуусунда көтөрүлүп, аталган кеңеш президенттин алдында түзүлө турган болду. Ишкерлердин айтымында, ишкерликке жашы шарт түзүлдү деп ооз эки айтылганы менен иш жүзүндө кыйынчылыктар болуп, банктардан кредит алуу кыйындап, кредиттин үстөк пайызы дагы өтө жогорулаган. Айрым ишкерлер ири соода түйүндөрүнүн кожоюндары имараттарынан кичинекей аянтты кымбат баага ижарага беришип, казынага аз өлчөмдөгү салык төлөп, орто бизнестеги ишкерлерге кыйынчылык туудуруп жатышканын айтышты. Президент ишерлердин көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берерин, квартал сайын алар менен жолугушуп турарын убада кылды. (AJ)