Бул тууралуу Ош облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Абдубахап Кахаров “Азаттыкка” билдирди. 7-июнда таңга маал Кара-Суу шаарынын тургуну, 29 жаштагы Улукбек Жороканов «Достук» чек ара бекетине жакын жерде кетип бараткан учурда өзбек чек арачылары атып, өздөрү тараптагы ооруканага алып кетишкен болчу. 10-июнда өзбек тарап кыргыз атуулунун сөөгүн ата энесине кайтарып берди. (SA)