Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Медиа институт маалымат каражаттарын байкайт


Медиа институту президенттик шайлоо алдында маалымат каражаттарына байкоо жүргүзөт. Кечээ уюштурулган маалымат жыйынында кабарланганга караганда байкоо 23-июлга чейин уланып, анын жыйынтыгы апта сайын чыгарылып, БШК баштаган тиешелүү тараптарга таратылып турат. Мониторинг маалымат каражаттарында жарыяланган талапкерлер жөнүндөгү материалдардын сапатына, чен-өлчөмүнө, эфирдик убактысына маани берет. Курамына он байкоочу кирген туруктуу топ Бишкекте, Ошто жарык көргөн басма жана электрондук маалымат каражаттарын камтыды. Алардын катарында УТРК, ЭлТР, 5-канал, НТС, Кыргыз радиосу (УТРК), “Азаттык”, үч маалымат агенттиги жана 17 басылма маалымат каражаты кирет. (BuS)

XS
SM
MD
LG