Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын билдиргенине караганда парламент төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков өз чечимин Кумтөр кени боюнча канадалык ишкана менен түзүлгөн кызматташуунун жаңы шарттары жөнүндөгү макулдашуунун ратификацияланышы жана “Кумтөр” долбооруна Кыргызстандын позициясынын жакшыргандыгы менен байланыштырган. “Кумтөр” кенин улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Кубанычбек Исабеков парламентке кыргыз өкмөтү менен канадалык компания макулдаша электе берген.
Жаңы макулдашуу боюнча “Кумтөр” ишканасы өкмөткө кирешеден 13%, ал эми Ысык-Көл фондуна жылына 4,5 млн. доллардан 6 млн. долларга чейин төлөйт. (BuS)
Жаңы макулдашуу боюнча “Кумтөр” ишканасы өкмөткө кирешеден 13%, ал эми Ысык-Көл фондуна жылына 4,5 млн. доллардан 6 млн. долларга чейин төлөйт. (BuS)