Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Чегарачылар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо аракетинде


Жалал-Абад облусунун Аксы аймагындагы Дейрес пунктунун жанындагы казуулар боюнча Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргоо аракеттерин көрүүдө. Чек ара кызматынын акыркы маалыматына караганда кызмат 12-июнда бул максатта чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия менен бирге аныктоо иштерин жүргүзүп, анын негизинде Өзбекстан чек арачылары менен жолугушууну болжоду. Дейрес пунктунун жанында Кыргызстан аймагынан өткөн жолго тереңдиги 2 метр, узуну 3 метр жер казылып, өзбек чегарачыларынын күзөтү коюлган. Ал эми Ноокен районундагы Жаштык аймагында казылган тереңдиги 3 метр, узуну 4 метр аймак Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келери далилденип, казуу иштери токтотулду жана кайратууга алынып, аңды толтуруу жергиликтүү органдарга сунушталды.
Мындан тышкары 30-майда кошуналар кыргыз тарапка эскертпей туруп “Бегабад-автодорожный” өткөрмө пунктунун чыгыш жагында чегараны бойлой казган траншеясы өз тарабында экендиги аныкталды. Мындай маалыматты кечээ Кыргызстандын чек ара кызматы таратты. (BuS)

XS
SM
MD
LG