Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Орусия өзөктүк куралсыз дүйнө идеясын колдойт


Бул тууралуу Орусиянын премьер-министри Владимир Путин Москвада Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Путин эгерде АКШ жана башка өлкөлөр да өзөктүк куралдарын жок кылса, Орусия алардын жолун жолдоого даярдыгын белгиледи. Ушул жылдын апрел айында АКШ президенти Барак Обама өзөктүк куралдарды кыскартуу керектигин айткан. Бул тема июлдун башында Обаманын Орусияга иш сапары маалында да талкууланары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG