Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

А.Князев: “Манас” аба базасы боюнча жаңы келишим даярдалгандыгы тууралуу маалыматым бар


Бул тууралуу КМШ мамлекеттери институтунун аймактык филиалынын директору, саясатчы Александр Князев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, АКШнын аба базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу-чыгарбоону кыргыз бийлиги чечпей, июль айында болуучу Орусия менен АКШнын президенттеринин жолугушуусунан кийин эки өлкө башчылары акыркы чечимди чыгарышат. “АКШнын аба базасынын Кыргызстанда калышынан Орусия уттурбайт, негизинен Кытай көбүрөөк жабыркайт. Ошондуктан Кытай аймактар боюнча тышкы саясатын кайрадан карап чыгышы керек”,-дейт Князев. Буга чейин Ооган президенти Хамид Карзай “Манастагы” АКШнын аба базасына байланыштуу маселени кайра карап чыгуу өтүнүчү менен өлкө башчысы Курманбек Бакиевге кат жолдогон. (AJ)

XS
SM
MD
LG