Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Чек ара кызматы: З.Акбаровду бошотууга аракеттер көрүлүүдө


26-майда Өзбекстандын Фергана облусунун Алты-Арык районунун “Кара-Чек” айылында өзбек чек арачылары тарабынан күбөлөндүргөн документтери жок Кыргызстандын атуулу 1967-жылы туулган Закир Акбаров кармалган. Аны сураштырганда Баткен облусунун “Алга” айлынын тургуну, Айдеркен чек ара бөлүмүнүн айдоочусу экендигин айткан. Өзбекстанга келген себебин З.Акбаров “Алга” айылынын аймагындагы такталбаган жерден өтүп “Кара-чек” айылындагы өзбек тааныштарына келгендиги менен түшүндүргөн. Өзбек тараптын маалыматына караганда, З.Акбаров такталбаган жерден документтери жок мыйзамсыз чек арадан өткөн. Ага карата өзбек коопсуздук кызматы кылмыш ишин козгоп, убактылуу кармоочу жайга камаган. Кыргызстандын чек ара кызматы бул маселени териштиргенде Закир Акбаров Баткен облусунун “Алга” айылында жашаары, Айдеркен чек ара кызматында айдоочу болуп иштери такталган. Анын жакын туугандарынын айтымында, З.Акбаров өзбек чек арачылары тарабынан кармалган күнү эс алууда жүрүп, бош убактысында “Кара-Чек” айылындагы тааныштарына барганда кармалган. Кыргыз чек арачылары анын Кыргызстандын атуулу экендигин тастыктап Өзбекстандын укук коргоо органдарына расмий кайрылган. Чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда өзбек тарап З.Абакировго карата мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузган деген кине менен кылмыш иши козголуп, сот органдарына берилгенин билдирген. Чек ара кызматы менен Тышкы иштер министрлиги З.Акбаровду бошотуу боюнча аракеттерин улантууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG