Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Өзбекстанда кыргыз жаранына карата кылмыш иши козголду


Чек ара кызматынан билдиришкендей, 26-майда Өзбекстандын аймагындагы Кара-Чек айылында өзүн тастыктаган бир да документи жок жаран кармалган. Сурак учурунда ал Кыргызстандын Айдаркен чек ара отрядында айдоочу болуп иштеген, Баткендеги “Алга” айылынын тургуну Закир Акбаров экендиги аныкталган. Ал Кара-Чек айылына өзүнүн тааныштарына баргандыгын билдирген. Өзбекстандын коопсуздук кызматы ага чек араны бузду деген кине коюп, кылмыш ишин козгогон. Эки тараптын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда, өзбек тарап Закир Акбаровго карата козголгон кылмыш иши сот органдарына өткөрүлүп берилерин маалымдашкан. Учурда Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жана чек ара кызматы Закир Акбаровду Кыргызстанга кайтарып алуу аракетин улантууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG