Кайрылууда Кыргызстан менен Өзбекстан түбөлүк коңшу мамлекет экендиги, тарыхта из калтырган тажрыйбаларды эстен чыгарбоо керектиги айтылган. “Кыргыз элинин ар намысына, жеринин бүтүндүгүнө шек келтирип, Чек айылындагы талаш жер аянттары боюнча бир жактуу чечимдерди кабыл алып, кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш аймактарды келишимдерге келүү жолу менен эмес – баскынчылык менен чечүү жолун тандап алгандарга карата мамлкекеттик деңгээлде көңүл буруп, эки элдин ортосуна чок сала турган мамилени токтотууну талап кылабыз”,-деп жазылган кайрылууда. (AJ)