Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

“Таалимат” кесиптик кошууну айлык маянаны 50 пайызга көтөрүү талабын койду


Бүгүн маалымат жыйынында “Таалимат” кесиптик кошууну бийликке Кыргызстандын аймагындагы мугалим, дарыгер, маданият кызматкерлеринин айлык аянасын 50 пайызга чейин көтөрүү талабын койду. Аталган кесиптик кошуундун төрайымы Назира Эсенгулованын айтымында, социалдык кызматтагылардын эмгек акылары абдан олутуу, эмгек тажрыйбасы жок жаш мугалимдердин айлыгы 800 сом, 25 жылдык тажрыйбасы бар мугалимдин айлыгы 6 миң сом. Ошондой эле кесиптик кошуун электр кубатына 50 пайыз жеңилдиктерди берүүнү талап кылышты. Эгерде бийлик алар койгон талаптарды аткарбаса иш таштоого жана митингке чыгышарын билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG