Мындай сунушту депутат Роза Отунбаева “Прокуратура жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча СДП фракциясынын чечимин окуп жатып билдирди. Анын айтуусунда, мыйзамда президенттин акттарын көзөмөлдөө жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Ал мындан башка да айрым кемчиликтерди белгилеп, мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн аны азыр карабай туруу, мыйзам долбоорунун каржылык негиздерин аныктоо сунушун билдирди. Ошол эле учурда фракция “КР прокуратурасы жөнүндөгү” мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды. Анда башкы прокурордун мыйзамга толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү, же мыйзамды кабыл алуу же жоюу боюнча мыйзам чыгаруу органдарына сунушун киргизүү укугуна ээ болуу жобосу негизги жаңылык болуп саналат. Ошондой эле мыйзам долбоорунда башкы прокурор жарандардын укугун бузган мыйзамдардын келишпестиги боюнча Конституциялык Сотко кайрылууга укуктуу. (AzK)