Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:05

Жалал-Абат : Сузак районунда бир аял чагылган тийип каза болду


Бул тууралу бүгүн Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматынын башкы адиси Абиш Бекилов билдирди. Анын маалыматы боюнча,10-июнда аталган райондун Арал айылынын жашоочусу 1978-жылы туулган Латипахон Абдикаликова пияз отоп жүргөн жеринде чагылган тийип каза болгон. Түшкү саат 13-14төр чамасында жааган катуу нөшөрдүн айынан сел жүрүп, айылдагы жети гектар күрүч жана жүгөрү аянтын суу жууп, эки үйдүн жер төлөсүн суу баскан. Райондун Кызыл-Жар айылындагы бир үйгө да суу кирген. Буга дейре Ош облусунун эки тургуну да чагылгандын огунан мерт болгон, деп билдирди тармактык министрликтин маалымат кызматы (YA).

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG