Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

БШКнын иши сөз жүзүндө эле ачык айкын эмес, иш жүзүндө ачык болуш керек.


СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимовдун айтымында, мурун шайлоочулар негизги маалыматтарды гезит жана атайы китепчелерден алып келсе, эми интернеттен маалымат издөө мүмкүнчүлүгү кеңейди. СДП фракциясы БШКнын төрагасы Дамир Лисовскийге шайлоо өнөктүгү тууралуу иштерди коомчулукка жеткиликтүү кылуу сунушу менен расмий кайрылды. Ал үчүн БШК өзүнүн интернет баракчасына областтык шайлоо комиссияларынын курамдары менен катар эле шаардык жана райондук шайлоо комиссияларынын курамдарын да көрсөтүүсү керектигин белгилейт Бакыт Бешимов. Мындан тышкары фракция сайтта аз нускада жарык көргөн брошюралардын аталышын гана көрсөтпөстөн, методикалык материалдардын текстин да жарыялоону сунуштап жатат. Бакыт Бешимовдун айтымында, акыркы убактарда көптөгөн мамлекеттик кызматтагы адамдар шайлоону акыйкат өткөрүү максатын байма-бай айтып келет.Эми алар мындай билдирүүлөрүн иш жүзүндө көрсөтүүсү зарыл. (AzK)

XS
SM
MD
LG