Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:49

Ош шаарында А. Атамбаевдин экинчи шайлоо штабы жабылды


Бириккен Элдик кыймылдын өкүлү Абдыкайым Кангелдиев «Азаттыкка» билдиргенине караганда, президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин түштүк борборундагы экинчи штабы жабылды. Анын айтымында, Оштогу курулуш коллежине караштуу имараттын эки бөлмөсүнө ижара акысы төлөнүп, ремонттолуп, штаб иштин баштаган. Бирок окуу жайдын жооптуу кызматкери «милиция, атайын кызмат жана мэрия кысымчылык кылууда» деп түзүлгөн келишимди аткаруудан баш тартып, штабдын эшигин бекитип таштаган.
Ош шаарынын биринчи вице-мэри Арфидин Аланов БЭКтин маалыматын төгүндөп, Атамбаевдин башкы штабы кадимкидей иштеп жаткандыгын ырастады. (ATo)

XS
SM
MD
LG