Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Өзбек чек арачылары кармап кеткен кыргыз жаранынан дайын жок


Убайдылланын апасы Мукадам Пайизова
Убайдылланын апасы Мукадам Пайизова

Өзбек чек арачылары 2-июнда кармап кеткен кыргыз жараны, Өзгөн районун тургуну Убайдылла Миталипов ошо бойдон дарексиз. Анын туугандары жана жердештери жалгыз уулунун тагдырына кабатырланып, укук коргоо органдарына кайрылышкан менен, оңчулуктуу натыйжа жок. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик мекендеши жакынкы күндөрдө бошотулат деп үмүт байлатууда.

Өзгөн районундагы Ана-Кызыл кыштагынын башчысы Данияр Абакировдун эстешинче, үч айылдашы 2-июнь күнү Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен Москва участогуна жоголгон жылкыларын издеп барышкан. Үчөө адегенде эле үч тарапка бөлүнгөн. "Ауди" маркасындагы машина минген Убайдылла Миталипов коңшу өлкөнүн ирегелеш кыштагына малдын дайынын сураштыруу үчүн кирген.
Ошол маалда, көргөндөрдүн айтымында, аны өзбек чек арачылары кармап, автоунаасынын дөңгөлөктөрүн аткылап, анан өздөрү тарапка сүйрөтүп алып кетишкен. Шериктери болжошкон жерден кайрадан жолугушуп, Миталиповду таппай калышат. Бирок аларга окуянын күбөлөрү көргөнүн айтып, токтоосуз качып кетүүнү суранышат. 31 жаштагы Убайдылла Миталипов ошондон бери дарексиз.

Данияр Абакиров күбөлөргө таянып айтуусуна караганда, жоголгон айылдашы бейтарап тилкеде болгон жана чек ара эрежесин бузган эмес. Антсе да, өзбек чек арачылары кармап кеткен Убайдылла Миталиповдун учурда кайсыл жерге жайгаштырылгандыгы жана ага карата кандай айып тагылып жаткандыгы туурасында маалыматтар эки ача болууда. Мисалы, Убайдылланын апасы Мукадам Пайизова уулу мамлекеттик чек араны бузду деп айыпталып, Анжиянда абакта жаткандыгын угуптур.

Ошол эле учурда Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Муратбек Кыргызбаев Өзгөн райондук милициясынын кабарына таянып, жердеши Өзбекстандын Ханабад шаарында кармалып тургандыгын ырастады.

Айыл өкмөт башчысы Муратбек Кыргызбаев кеп ортосунда билдиргенине караганда, Өзбекстан учурда Убайдылла Миталиповдун машинасын техникалык экспертизадан өткөрүүдө.

Чек ара кызматынын төрагасынын түштүк аймагы боюнча орун басары Акылбек Нышанов аталган окуя боюнча Өзбекстандын тиешелүү органдарына билдирүү жөнөтүшкөнүн, тилекке каршы, азырынча оң жооп алыша электигин кабарлады.

Өзгөн районунун акими Байышбек Жуманазаров Убайдылла Миталиповдун жакынкы күндөрдө мекенине кайтарылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG