Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2022 жума, Бишкек убактысы 19:08

Кыргызстанда Муратбек Рыскуловдун 100 жылдык юбилейи белгиленет


Бул туурасында парламент токтом кабыл алды. Белгилүү искусство ишмери Муратбек Рыскуловдун юбилейин уюштуруу өкмөткө тапшырылды. Иш чара үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында өткөрүлөт. Муратбек Рыскулов театр, кинодо көптөгөн ролдорду ойноп, ага СССР эл артисти наамы ыйгарылган. Ал Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин бир канча чакырылышында депутат болуп шайланган.(AzK)

XS
SM
MD
LG