Быйыл жыл башында түзүлгөн улуттук кеңештин жобосуна ылайык анын курамы он бир кишиден турат. Алардын алтоо жарандык коомдордон, калгандары Жогорку Кеңештен, Өкмөттөн, Жогорку Соттон кирери каралган. Мурда маалымдалганга караганда улуттук кеңешти Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров жетектейт. (BuS)