“Кыргыз-Кытай-Өзбекстан” темир жол магистралынын курулушу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууну, техникалык стандарттарды, курулуш долбоорун жана аны каржылоону аныктоону тездетүүнү кыргыз-кытай өкмөт аралык комиссиясы Пекин отурумунда макулдашты. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда бул багытта иштөө үчүн жумушчу топ түзүү чечими чыкты.Кыргыз тарап отурумда ошондой эле жеңилдетилген кредиттердин эсебинен Бишкек-Торугарт автожолун куруу, Ош аба майданын оңдоо өңдүү сунуштарды берди. Ушул аптада өткөн Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын Пекин отурумунда тараптар жалпысынан ондон ашык маселени карап, макулдашты. Кыргызстандык делегацияны биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов жетектеп барган. (BuS)