“Сары өзөн” мамлекеттик телерадиоканалынын жамааты Президентке, Сотко жана Парламентке кайрылганы жатат. Бул тууралуу кечээ уюштурулган маалымат жыйынында мурдагы директор Каныбек Абдыкадыровдун тарапкерлери билдиришти. Каныбек Абдыкадыров 4-июнда кызматтан алынган. Муну маалымат жыйынын уюштургандар трайбалисттик мамиле дешти. Маданият жана маалымат министри Султан Раев Абдыкадыровду кызматтан алуу себебин кадрларды кайра дайындоо жараяны менен байланыштырып, Чүй облусунун губернатору макул болсо аны кайра ордуна дайындоого каршылыгы жогун билдирген. Абыдкадыровдун тарапкерлеринин айтымында губернатор Болоткан Кумаров аларды бүгүн кабыл алуу убадасын берген. (BuS)