Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:46

СДП: шайлоонун таза өтүшүнө бийлик кызыкдар эмес


Президенттик шайлоонун таза өтүшүнө президент да, БШК да, тартип коргоо кызматтары да кызыкдар эмес. Мындай билдирүүнү кечээ ЕККУнун Парламенттер Ассамблеясынын башчысы Жоао Соареш менен болгон жолугушууда СДП фракциясынын мүчөлөрү жасашты. Депутаттар Кыргызстан бийлиги ЕККУга берген милдеттенмелерин аткарбай, мыйзамдарды, адам укуктарын бузуп, башкача ой жүгүрткөндөрдү кысымга алып жатат дешти. Жолугушууда Түп, Ноокат окуясы да талкууланды. Соареш бардык мыйзам бузуулар боюнча Евробиримдиктин тиешелүү тармактарына билдирүү керек деп эсептеди. Мындай маалыматты СДП фракциясы таратты.
ЕККУнун Бишкек кеңсесинин маалыматына караганда президенттик шайлоого уюмдун байкоочулары Кыргызстанга келип жайгашып жатышат. Алар дүйшөмбүдө маалымат жыйынын өткөрүшөт. (BuS)

XS
SM
MD
LG