Июнь айынын ортосунда ЖККУ президенттеринин, анын соңунан Екатеринбургда ШКУ президенттеринин саммити өтөрү болжолдонууда. Бул бийик жолугушууларга катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев 13-июнда Москвага сапар алары күтүлүүдө. Екатеринбургда болсо Бакиев Ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушаары болжолдонууда. Мындай сунушту расмий Бишкекке Карзай өткөн аптада кат аркылуу жиберген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсунда билдиргенине караганда ЖККУ, ШКУ отурумдарында Кыргызстандагы АКШ базасына байланышкан маселе каралбайт. (BuS)