Пакистандын Сват өрөөнүндө акыркы күндөрү бери дегенде 60ка жакын талип жоочулары өлтүрүлдү. Бул тууралуу Пакистандын куралдуу күчтөрү маалымдашты. Кабарларга караганда, пакистандык жоокерлер Вазиристан вилайетинде талиптерге абадан сокку урган. 9-июнда согушчандар Пакистандын Пешавар шаарындагы беш жылдыздуу мейманканага чабуул жасап, 9 киши набыт болгон. Дагы ондогон кишилер оор жараат алган.