Бүгүн Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы чектөөлөрдү кеңейтүү тууралуу резолюция долбоору үчүн добуш берери күтүлүүдө. Эки апта бою жабык эшик артында резолюция долбоорун талкуулоого Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү - АКШ, Британия, Франция, Кытай, Орусия, Түштүк Корея жана Жапония катышты. Өткөн айда Түндүк Корея бир нече ракеталарды сынап, жер алдында өзөктүк дүрмөт жардырганын кабарлаган.