ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын төрагасы Жоао Соареш 10-июнда социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов жана Роза Отунбаева менен жолугушкан. Жолугушууда социал-демократиялык фракциянын мүчөлөрү Кыргызстан бийлиги эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатканын, мыйзамдар, адам укуктары бузулуп, куугунтуктоолор күч алганына тынчызданып жатышканын билдиришкен.Оппозициялык саясатчылар ошондой эле өлкөдөгү акыркы окуялар бийлик акыйкат жана таза шайлоо өткөрүүгө аракет кылбай жатканын айгинелеп кошумчалашкан. Өз кезегинде Жоао Соареш мыйзам бузуулар боюнча Европа Биримдигинин тийиштүү инстанцияларына маалымдоону сунуштаган. Бул тууралуу социал-демократиялык фракциядан кабарлашты.(AiT)