Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп, анда “Ак шумкар” партиясынан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн Темир Сариевди каттоо маселеси каралат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Темир Сариевдин ишенимдүү өкүлдөрү өз талапкеринин пайдасына 85 миң жарандын кол тамгасын топтоп тапшырганы буга чейин маалымдалган. Борбордук шайлоо комиссиясы Курманбек Бакиев жана Жеңишбек Назаралиевге президенттикке талапкер күбөлүгүн тапшырган.(AiT)