Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Азиза Абдырасулова Конституциялык сотко кайрылды


Сотко бүгүн тапшырылган арызында “Кылым шамы” уюмунун лидери Абдырасулова президенттике талапкерлердин укугун теңдеп берүү талабын койгон. Шайлоо кодексинин 28 беренесинин 1 бөлүгүндө бардык талапкерлер бирдей укукка ээ деп белгиленген. Ошол берененин 3 бөлүгүндө мамлекеттик кызматкер талапкер болуп катталган күндөн тарта аткарган кызматын токтотуу керектиги айтылып, бирок ал талап Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Президентке жайылтылбайт деп жазылган. Азиза Абдырасулова беренедеги карама-каршылыктарды жоюу үчүн, Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарына берилген жеңилдиктерди алып салуу талабын коюуда. Азиза Абдырасулованын пикиринде, азыркы Президент кызмат абалынан пайдаланып, башка талапкерлерге караганда өтө орчундуу ыңгайлуулуктарга ээ болууда. Бул бардык талапкер тең укукта болуш керек деген мыйзам талабына каршы келүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG