Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Өкмөттүк эмес уюм “ Куралдуу күчтөр жөнүндөгү” мыйзам долбооруна каршы


“Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюму “Куралдуу күчтөр жөнүндөгү”мыйзам долбоордун кээ бир жоболоруна кескин каршылыгын билдирди. Уюм бүгүн тараткан билдирүүдө, мыйзамдын айрым жоболору Конституция тараптан кепилденген менчиктин кол тийбестиги жөнүндө укукту бузаары белгиленип, тынч мезгилде жарандардын мүлкүн, автоунааларын аскерлер тарабынан пайдалануусу жаңжалдарга, соттук териштирүүлөргө алып келери эскертилген. Мамлекет Куралдуу Күчтөрдү тийиштүү жабдуулар менен камсыз кыла албай, аны салык төлөөчүлөрдүн мойнуна жүктөөсү-бул басып алуучулукту мыйзамдаштыруу, деп аталган билдирүүдө. (AiT)


XS
SM
MD
LG