Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Абакта жаткандар Каржы полициясынын атын колдонуп акча өндүрүүдө


Бул тууралуу Каржы полициясынын маалымат катчысы Нурила Батыралиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган органдын жетекчилигинин атынан мамлекеттик кызматкерлерге телефон чалып чөнтөк телефондорго бирдик жүктөп коюуну талап кылган шылуундар түрмөдө жаткан кылмышкерлер экенин Өздүк коопсуздук кызматы аныктады. Алар Каржы полициясынын башчыларынын телефон даректерин кайдан, кантип алганы белгисиз. Мунун айынан канча адам канча сомго зыян тартканын эч ким билбейт, анткени жапа тарткан аткаминерлер арыз жазышпай, жөн гана бир ооз сөз менен Каржы полициясынын кызматкерлерине айтып жатышат, дейт Н. Батыралиева. Анын билдиришинче, мындай көрүнүштөр 2008-жылдын этегинде эле башталган. Анда телефон чалып акча өндүргөндөр, өздөрүн бул полициянын кызматкерлери, деп тааныштырчу, азыр болсо аталган мекеменин жетекчилигин атап жатышат. Мындай көрүнүш бүтүндөй Кыргызстан боюнча тарап, Оштогу, Молдовановка, Новопокровка, Беловодский жана Бишкектеги абактардан чалышууда, айрыкча май айында абдан күчөдү дейт, Н. Батыралиева. (EBM)

XS
SM
MD
LG