Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:17

БШК Т. Сариевди президенттикке талапкер катары каттады


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн жыйынга чогулуп “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин талапкерлигин каттады. БШКнын маалымат кызматынын өкүлү Бакыт Жумагуловдун "Азаттыкка" билдиришинче, Т. Сариев 90 миңден ашуун топтогон. Шайлоо корун убагында түзүп, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттаткан. Буга чейин азыркы президент Курманбек Бакиев менен Жеңишбек Назаралиев президенттикке талапкер катары катталган эле. БШК эми дагы төрт талапкердин документтерин текшерүүдө. Кыргызстанда президенттик шайлоо 23-июлда өтөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG