Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Кант цемент заводунда дагы эки меш ишке кирди


Аталган заводдо мазут менен иштеген бир эле меш бар болчу. Бүгүн табигый газ менен күйүүчү эки меш ишке киргенин Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги билдирди. Аталган министрликтин маалымдашынча, Кыргызстанда цементтин баасы анын аз жасалганынан улам кымбаттап кеткен. Ошондой эле ортомчулар да бааны кескин көтөрүп жиберген. Кант цемент заводу май айында 23, 5 миң тонна цемент өндүргөн. Июнда 60 миң тонна цемент өндүрүп, ушул жылдын этегине чейин 600 миң тоннага жеткирүүнү пландап жатат. Монополияга каршы агенттиктик бир тонна цементтин баасын 2945 сом деп бычкан. Бирок Бишкек базарларында 7 миң сомдон ашып кеткен. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев цементтин баасынын кескин көтөрүлүп кетишин иликтөөнү парламенттин тиешелүү комитетине тапшырган. (EBM)

XS
SM
MD
LG