Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:15

Президент мэр менен Бишкекти жакшыртууну талкуулады


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев жана өкмөт башчы Игорь Чудинов менен жолукту. Анда Н. Түлеев “Жаңыланган борбор шаар” аттуу долбоорду сунуштады. Шаар бюджетинен каржыланчу бул долбоор 2009-2012 жылдарга эсептелип, президенттин атайын тапшырмасынан кийин даярдалган. 2012-жылга чейин шаар бюджетин 7 миллиард сомго жеткирүү пландаштырылууда. 400 миллион сом жыл сайын шаар көчөлөрүн оңдоого жумшалып турмакчы. Ушул эле максатка республикалык бюджеттен жылына 200 миллион сом бөлүнүп турат. К. Бакиев бул долбоор менен Бишкекти башкаруу системасын реформалоо зарылдыгын, жаңы системаны лкнн башка шаарларына да киргизүү керектигин айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG