Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Иран: Ахмадинежад кайра шайланганы кабардалууда


Алдын-ала эсептөөнүн жыйынтыгына караганда, кечээ (12-июнда) Иранда өткөн президенттик шайлоодо учурдагы президент Махмуд Ахмадинежад добуштардын 65тей пайызын алып, экинчи мөөнөткө шайланды. Иран шайлоо комиссиясынын башчысы Кемран Данешжунун айтымында, анын негизги атаандашы, реформачыл канаттын өкүлү Мир хусейн Мусави добуштардын 32 пайыздайын алган. Добуш санак дагы эле улантылууда, бирок анын оодук бөлүгү (80 пайыздайы) саналып бүттү.
Ахмадинежаддын шаттанган тарапкерлери Тегерандын көчөлөрүндө президенттин жеңишин майрамдай башташты. Бирок Мусави жеңиш өзүнө таандык болгонун билдирип, добуш санак учурунда олуттуу бурмалоолорго жол коюлганын сынга алды. Иран бийлигинин маалымдашынча, жума күнкү добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 80 пайыздайы келип катышып берген, бул Иран тарыхындагы эң ири көрсөткүч болуп саналат.

XS
SM
MD
LG