“Ак жолчу” депутат А.Мамасалиев КМШ мамлекеттеринин “Коргоо жана Куралдуу Күчтөр жөнүндө ” мыйзамдары менен тыкат таанышып чыкканын, Орусия жана Казакстанда дагы ушундай мыйзамдар бар экенин, бирок жогорудай беренеде көрсөтүлгөндөй атуулдардын мүлкүн жана автоунааларын колдонуу “Аскерий абал” же “Өзгөчө кырдаалдар” киргизилгенде гана күчкө кирерин айтты.
Ал эми Кыргыз парламенти кабыл алган “Коргоо жана Куралдуу Күчтөр жөнүндө ” мыйзам Конституцияга туура келбестигин, Баш мыйзамдын 14-беренесинде “Турак жай кол тийгис. Бир гана кожоюндун макулдугу менен”,-деп жазылганын белгилеп, “президенттин администрациясында дагы бул мыйзамды шашылбай жакшылап карайт деген үмүтүм бар", -деди депутат.
Жарандык коомдун өкүлдөрү дагы аталган мыйзамдын 18-беренеси адамдардын менчикке болгон укугуна чектөө салат деп чыгышты.
"Коргоо жана Куралдуу Күчтөр жөнүндө ” мыйзамдын 18-беренесинин 3-пунктунда “Кыргыз Республикасынын өкмөтү белгиленген тартипте кийин компенсациялоо менен мамлекеттик органдардын талабы боюнча Улуттук коопсуздукту коргонууну камсыз кылуу макстында имараттарды, курулуштарды, транспорт каражаттарын жана өздөрүнүн менчигинде болгон башка мүлктөрдү беришет”,-деп көрсөтүлгөн. (AJ)